Дүйнө

Айдит Эркин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды

Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин кызматтан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон башка жарлыкка ылайык, ал Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» 9-ноябрда маалымат таратты.

Айдит Эркин 2022-жылдан бери Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси кызматын аркалап келген. 2024-жылдан тарта Кыргызстандын Люксембургдагы, Нидерланддагы элчилигин жана Кыргызстандын Евробиримдиктеги өкүлү кызматын айкалыштыруу тартиби менен жүргүзүп келген.54 жаштагы Айдит Эркин ага чейин Тышкы иштер министрлигинин тутумдарында иштеп келген.Быйыл 8-апрелде Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Кылычбек Султан кызматтан алынгандан бери бул орун бош турган.

Тектеш кабарлар

Back to top button