Штефан Таркович эмне себептен кызматтан кетти?

Бул суроого Кыргыз футбол союзу жооп берди.
“Айсбергдин көрүнбөгөн дагы тарабы бар. Талкуулай турган суроолор бар эле. Кыргыз футбол союзу демилгелеген чечим (келишимди токтотуу) башкы тренер тарабынан дагы колдоого алынды. Ансыз жакшы маанайда коштошпойт элек. Биз азыр мындан да курч кадамдарга баруу керектигин түшүндүк. Келишим (Таркович менен) башынан эле бир жылга тузүлгөн, аны узартуу да каралган. Бирок биз биргеликте башка адамдарга дагы иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү туура деп чечтик. Алдыга койгон максаттар өзгөрүп, оорлоп барат. Туура чечимге келүүгө аракет кылдык. Калганын убакыт көрсөтөт”, — деди КФСдин вице-президенти Нурдин Букуев.
Анын айтымында, кураманын алдыдагы максаты 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына жолдомо алуу жана 2027-жылы боло турган Азия Кубогунда жеңишке жетүү.
Ал эми жаңы дайындалган башкы машыктыруучу Максим Лисицын 1-июлдан тарта ишке киришери маалым болду.
“Башкы машыктыруучу болуу мен үчүн чоң жоопкерчилик. Алдыга коюлган бардык максаттарды ишке ашырууга болгон күчүмдү жумшайм деп ишендирип кетем”, — деди Лисицын.



