Коом

Республикада пневмония менен ооругандар өткөн жылга салыштырмалуу 24%га көбөйдү. Статистика

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салшытырмалуу 24,3% га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда — 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында — 1,6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди.

Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда — 25,3 пайызга жана Талас облусунда — 20,1 пайызга төмөндөдү.

Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүш Чүй облусуна — 20,3%, Жалал-Абад облусуна — 17,6% жана Ош облусуна — 15,1% туура келди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button