Окуялар

Бишкекте 43 жаштагы жаран 18 жаштагы кызды бычактап, өзү 5-кабаттан секирген

20-июль күнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде аял бычакталды деген билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“2003-жылы туулган Т.К. ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин аракетине жана көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, бычактан алган жаракатынан улам көз жумган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берененин негезинде (адам өлтүрүү) катталып, шектүү катары 1978-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалган. Ал 5-кабаттан секирип кеткендигине байланыштуу буту сынып, баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылды”, – деп жазылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button