Коом

Жаратылыш ресурстары министрлиги заманбап эл аралык деңгээлдеги лабаторияны капиталдык ремонтун бүткөрүп ачты

Жаратылыш ресурстары министрлиги заманбап эл аралык деңгээлдеги лабаторияны капиталдык ремонтун бүткөрүп ачты

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасында жаңы заманбап эл аралык деңгээлдеги жабдуулардын келиши , жана лаборатория капиталдык ремонттон ѳтүп ачылыш аземи ѳттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Б.Тѳрѳбаевтын катышуусунда, министр М.Тургунбаевдин жетекчиси астында, жана Жогорку Кенештин депуттары К. Сулайманов жана Ш.Ташиев, Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү , жана бул тармактагы адистердин катышуусунда ѳттү.

Капиталдык ремонт иштери 11725,1 млн сомго бааланды. Өндүрүш жана кеңсе жайларына жабдуулар, кеңсе эмеректери, компьютердик техника менен камсыз кылынган жана кошумча ремонт иштери жүргүзүлүп дагы жабдуулар сатылып алынат.
Борбордук лабаратория өз ишмердигин геологиялык объекттерге жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продукцияга химиялык анализ жүргүзгөн республикадагы жалгы лаборатория. 70тен ашык өнүккөн өлкөлөрдө 43 миң лабораторияны камтыган ILAC эл аралык аккредитациялоо уюмунун мүчөсү.

Үч эл аралык стандартка ылайык техникалык компетенттүүлүктүн аккредитациялык сертификаттары менен тастыкталган, сапатты башкаруунун интеграцияланган системасы бар 1)ISO/IEC 17020:2012 (ГОСТ ISO/IEC 17020:2013) № КG 417/КЦКА.ОК.063.

«Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасында геологиялык объектилерге, жаратылыш сууларына, жана руда эмес чийки заттарга (шагыл, кум) билимди текшерүү жүргүзүү боюнча жалгыз провайдер болуп саналат.

«Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы 85 жылдык кесиптик тажрыйбасына жана тарыхка ээ


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button