Баткен облустук аскер комиссариатынын кызматкери акча талап кылууга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аскер прокуратурасы менен биргеликте Баткен облустук аскер комиссариатынын кызматкеринин акча талап кылган фактысын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын 2026-жылдын 24-октябрындагы маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда Баткен облустук бириккен аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылы туулган А.У.А. Баткен районунун тургуну, 2008-жылы туулган А.Б.А. аттуу жарандан акча талап кылган деп шектелген.

Ал 21-октябрда ден соолугуна байланыштуу мөөнөттүү аскер кызматынан бошотулган.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон. Шектүү акча алып жаткан учурда кармалган.

Анын жеке автоунаасын текшерүү учурунда Баткен облустук аскер комиссариатына тиешелүү кызматтык документтер, аскерге чакырылуучулардын өздүк делолору, жабырлануучу деп көрсөтүлгөн жарандын жеке документтери жана аскерге чакырылуучуларга бериле турган кургак азык-түлүк топтомдору табылган.
Кармалган жаран КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелерине ылайык Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.



