Францияда адамдын Шамонда вирусун жуктуруп алган алгачкы учуру катталды

Францияда адамдын Шамонда вирусун жуктуруп алган алгачкы учуру өзүнчө катталган учур катары бааланууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Буга чейин Лион шаарында адамдын Шамонда вирусун жуктуруп алган алгачкы белгилүү учуру катталган. Вирус башка оор илдеттен дарыланып жаткан улгайган эркек кишиден аныкталган.
Бейтап каза болгон. Бирок ДССУ бул окуяны азырынча өзүнчө катталган учур катары мүнөздөдү. Франциянын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Грегори Эмери бул окуя болуп көрбөгөндөй экенин айтып, бейтаптын өлүмүнө анын иммундук системасынын өтө начар абалы негизги себеп болгонун белгиледи.
«Азырынча бул өзүнчө катталган учур. ДССУ кырдаалды көзөмөлдөп, жаңы маалыматтар алынган сайын жаңыртылган маалыматтарды берип турат», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Ошондой эле ДССУ Франциянын бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта экенин маалымдады.
Шамонда вирусу тууралуу
Шамонда вирусу (SHAV) — жаныбарларда жугуштуу ооруну пайда кылуучу козгогуч. Ал Orthobunyavirus тукумуна жана Симбу серотобуна кирет. Бул топко Шмалленберг жана Акабане вирустары да кирет.
ДССУнун маалыматына караганда, вирус биринчи жолу 1965-жылы Нигерияда бодо малдан аныкталган. Ал негизинен айыл чарба жаныбарларын, анын ичинде уйларды, койлорду, эчкилерди, жылкыларды жана альпакаларды жабыркатат.
Вирусту жуктурган жаныбарларда дене табынын көтөрүлүшү, ич өтүү, сүттүн азайышы сыяктуу белгилер байкалышы мүмкүн. Ошондой эле жаңы төрөлгөн музоолордо ар кандай аномалиялар пайда болушу ыктымал.
Вирус жаныбарларга негизинен Culicoides тукумундагы майда кан соргуч чымын-чиркейлердин чагуусу аркылуу жугат. Учурда Шамонда вирусуна каршы вакцина же атайын вируска каршы дары жок.
Буга чейин вирусту жуктуруу учурлары көбүнчө Африкада жана Японияда катталып келген. Бирок быйыл жайында вирус Европада да аныктала баштаган. Алгач Германия менен Швейцарияда, кийин Австрияда, Бельгияда жана Францияда катталган.



