Кыргызстанда «Биргеликте адам сатууну токтотобуз» маалымат өнөктүгүнүн 100 күндүгү старт алды

Бүгүн, 30-июлда КР Ички иштер министрлигинин колдоосу астында «Биргеликте адам сатууну токтотобуз» аттуу 100 күндүк маалымат өнөктүгү башталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында КР ИИМдин Криминалдык милиция башкармалыгынын начальниги Марлис Жумабаев билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 30-июлду Бүткүл дүйнөлүк адам сатуу менен күрөшүү күнү деп белгилеген.
«Аталган күндүн негизги максаты адам сатуунун курмандыктарынын абалын, алардын укуктарын илгерилитүүгө жана коргоого багытталган маалымдуулукту жогорулатуу болуп саналат. Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк адам сатуу менен күрөшүү күнүнүн тематикасы аныкталат. Ошентип, 2021-жылдын темасы «Жабырлануучулардын үнү жолду көрсөтөт» деп аталат, өнөктүк адам сатууга каршы күрөштүн негизги катышуучулары катары жабырлануучулардын муктаждыктарына багытталган”,-деди Жумабаев.
Ал мамлекеттик саясат курмандыктардын бул кылмыштын алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууда чечүүчү ролду баса белгилеп, курмандыктарды табуу жана куткаруу, аларды калыбына келтирүү жолунда колдоо көрсөтүшү керек деп белгиледи.



