УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын кызматына барды

Бүгүн, 23-февралда Министрлер Кабинетинин орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. КР УКМКнын «Альфа» атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
Иш сапарынын жүрүшүндө, УКМКнын «Альфа» атайын кызматын Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Ташиев К.К. бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган куралдар менен да таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди. Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы, өлкөнүн жана ведомстволордун жетекчилиги тарабынан, бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Иш-чаранын акырында, УКМКнын төрагасы К.К.Ташиев дагы бир жолу УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын жалпы өздүк курамын куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматында ийгиликтерди каалады.







