Спорт

Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашат

Бүгүн, 4-агустта, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешинин алтын байгеси үчүн күрөшөт. 62 килограмм салмактагы мыкты балбан кызды аныктоочу кармашта ал япониялык Юкако Каваи менен кез келет.

Айсулуу жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин румыниялык жана литвалык спортчуларды жеңген. Кыргызстандык балбан кыз таймаштарында атаандаштарына бир да упай алдыра элек. Анын 24 жаштагы япониялык атаандашы 2019-жылы дүйнө чемпионатынын финалында Айсулуу менен күрөшкөн Тайбе Мустафа Юсеинди утуп, финалга жолдомо алган. Спортчулар буга чейин бир нече ирет кармашкан.

2019-жылы дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз утса, 2020-жылы Азия биринчилигинде жеңиш япониялык тарапта болгон.

Олимпиаданын финалдык беттештери саат 16:30да башталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button