Кыргызстандын курамасы Азия кубогунун тандоо оюндарында Түштүк Корея менен беттешет

Кыргызстандын жаштар курамасынын (U-20) 2027-жылкы Азия кубогунун тандоо турнириндеги атаандаштары белгилүү болду.
Чүчү кулактын жыйынтыгында кыргызстандык команда А тайпасына түшүп, анда Түштүк Корея, Филиппин жана Ливан курама командалары менен ойнойт.Тандоо турниринин беттештери 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкекте өтөт.
Ошентип, Кыргызстандын курама командасы тандоо оюндарын өз үйүндө өткөрөт.
Жалпысынан тандоо баскычына 44 улуттук команда катышып, алар 11 тайпага бөлүнгөн.
Тандоо оюндарын Бахрейн, Камбоджа, Кыргызстан, Лаос, Катар, Таиланд, Өзбекстан жана Вьетнам кабыл алат.
Кыргызстандын курамасы үчүн эң күчтүү атаандаш катары Түштүк Кореянын жаштар курама командасы эсептелет. Алар Азиядагы жаштар футболунун салттуу фавориттеринин бири болуп саналат.
Тандоо турниринин жыйынтыгында мыкты командалар 2027-жылкы U-20 Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алышат.


