Коом

Россияда кыргызстандык окуучу бычактан жараат алды

Россиянын Мытищи шаарындагы мектепте эки окуучунун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин бычак менен жарадар кылган. Жараат алган өспүрүм Кыргызстандын жараны экенин Москвадагы элчиликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, ал 14 жашта. Өспүрүмдүн апасынын айтымында, анын өмүрүнө коркунуч жок.

Учурда Москва облусунун укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

Россияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар.

Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button