Маткеримов: Саламаттыкты сактоо министри ИВЛ-аппаратын муктаждар өлгөндөн кийин гана алабы?!
Кыргызстанда 26 балага омуртка булчуңдарынын атрофиясы деген диагноз коюлганын Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.
«Анын арасынан 8 бала Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун патогенетикалык терапия алып жатышат», — деди ал.
Депутат Айбек Маткеримов бул оору менен ооругандардын баары тийиштүү дарылануудан өтүшү керектигин белгиледи. Айтымында, айрым үй-бүлөлөрдө бул оору менен жабыркаган эки бала бар, бирок мамлекет жардам бербегендиктен жеке уюмларга кайрылууга аргасыз болушат. Аны менен катар Бишкектеги Жаш Гвардия бульварынын жанындагы хосписте жашашат.
«Саламаттыкты сактоо министрлиги 2024-жылы өпкөнү жасалма вентиляциялоочу аппаратты алмак болгон. Ал алынды беле?» — деп сурады Маткеримов.
Исмаиловдун айтымында, аппарат сатып алуу процедуралары учурда каралууда.
Бул депутаттын нааразычылыгын жаратты. Маткеримов аппаратка муктаж бейтаптарга ар бир күн кымбат экенин белгиледи.
«Качан сатып аласыздар?! Муктаж болгондор өлгөндөн кийинби? Бул аппарат бейтаптардын жалгыз үмүтү, ансыз жашай алышпайт. А сиз эми гана карап жатыпсыздар. Эмнеге мынчалык кайдыгерсиздер? Ар бир өмүр баалуу. Алардын абалын барып көрүп коюңуздар, мен көрүп ыйладым», — деди депутат.



