Коом
Бишкекте №43 автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөрдү

20-майдан тарта Бишкектеги №43 коомдук транспорт каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Жаңыланган жүрүү схемасына ылайык, каттам Мурас-Ордо көчөсү, Школьная көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Махатма Ганди көчөсү, Чүй проспектиси, Бейшеналиева көчөсү, Токтогул көчөсү жана Фучик көчөлөрү аркылуу өтөт.




