Бишкекте ММА боюнча эл аралык «Президенттин Кубогу» турнири өттү

Бишкек шаарында Kулатуу WEF-Amateurs жана UWW Pankration MMA эрежелери боюнча Кыргыз Республикасынын ММА Ассоциациясынын Президентинин Кубогу аталышындагы эл аралык турнир болуп өттү.


Турнирдин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын ММА Ассоциациясынын президенти, УКМКнын төрагасы Жумгалбек Кумарович Шабданбеков катышты. Мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан келген спортчулар, ошондой эле коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү катышышты.

Турнирге жаш спортчулардан тартып тажрыйбалуу мушкерлерге чейин ар кандай курактагы жана салмактагы катышуучулар күч сынашты. Бул аралаш мушташ өнөрүнүн өлкөдө жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын жана мелдештин кеңири географиясын дагы бир жолу далилдеди.

Мелдеш күндөрү көрүүчүлөр кызыктуу жана курч таймаштарга күбө болуп, спортчулар жогорку чеберчилигин, бекем мүнөзүн жана чыныгы спорттук духун көрсөтүштү.

Жалпы командалык эсептин жыйынтыгында башкы сыйлык Кыргыз Республикасынын ММА Ассоциациясынын Президентинин Кубогун башкы машыктыруучу Арслан Тыныбеков жетектеген «Альфа Профи» спорттук клубу жеңип алды.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай эл аралык турнирлер сергек жашоо образын жайылтууга, аралаш мушташ өнөрүн өнүктүрүүгө, ар кайсы өлкөлөрдүн спортчуларынын достук байланышын чыңдоого жана Кыргызстандын эл аралык спорттук аброюн көтөрүүгө чоң салым кошот.





