Маданият

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн манас айтууну жыйынтыктады

31-августта «Гиннесстин рекорддор китебине» кирүү максатында Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтууга киришкен манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүн улуу баянды айтууну жыйынтыктады.

Учурда манас айтууну жыйынтыктоо иш-чарасы Орусиядагы Кыргыз элчилигинде салтанаттуу түрдө өтүп жатат. Анда Дөөлөт Сыдыковду колдоп келгендер, ошондой эле уюштуруучулар тобу каалоо-тилектерин айтышууда.

Мындан тышкары «Улутум кыргыз! Урааным Манас» деген ураандар жаңырууда.

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн манас айтууну 31-август күнү баштаган. Мындан бир күн мурун Дөөлөт Сыдыковдун манас айтып жатканына 100 сааттан ашканы маалымдалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button