Коом
Таласта жана Кара-Балтада асыл тукум койлордун көргөзмөсү өтөт

Талас облусунда жана Кара-Балта шаарында асыл тукум койлордун көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Таласта фермерлердин иш-чарасы 11-сентябрда Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо өтөт. Анда эт багытындагы койлордун бир нече түрү көрсөтүлөт.
Ал эми Кара-Балтадагы республикалык көргөзмө 18-сентябрга белгиленген, ага «Арашан» тукумундагы койлор алып келинет. Белгилей кетсек, эт-май багытындагы бул койлор быйыл гана каттоого алынды.
Иш-чара кой чарбасын өнүктүрүүнү, жайылтууну, тажрыйба алмашууну жана селекциялык жетишкендиктер менен бөлүшүүнү көздөйт.



