Коом

Куудул Тынар Курбаналиев парламенттик шайлоого катышарын билдирди

Куудул Тынар Курбаналиев парламенттик шайлоого катышууга даярданып жатканын жар салды . Анын аткара турган иштери көп экени өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду деп жазат Super.kg маалымат агенттиги.

«Парламенттик шайлоого катышайын деп даярданып жатам. Бир мандаттуу округ боюнча аттанайын деп турам. Башкаларга окшоп кнопка басып, өзүнүн байлыгын коргоо үчүн эмес. Коргой турган байлыгым же жеке ишим деле жок, максатым карапайым эл үчүн пайдалуу иштерди кылуу. Эл алдында ким менен болсо дагы дебатка чыкканга даярмын буюрса», — деди ал.

Эскерте кетсек буга чейин ырчылардын ичинен КР эл артисти Бек Борбиев да парламентке аттана турганын айткан эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button