Коом

УКМК: «Красная гвоздика» балдардын ден соолук борбору мамлекеттин менчигине кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы 5,4 га аянтта жайгашкан «Красная гвоздика» балдардын ден соолук борбору мамлекеттин менчигине кайтарылганын маалымдайт.

Буга чейин аталган объект Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзуна таандык болгон. 2017-жылы профсоюздун мурдагы жетекчилиги тарабынан колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин одоно бузуу менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айылындагы 73 сотых бош участокко ден соолукту чыңдоо борборун алмаштыруу боюнча мыйзамсыз бүтүм жасалган. Натыйжада мамлекетке 305 миллион сом зыян келтирилген, бул өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян катары бааланат.

КР УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында объект мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул аракет профсоюздук жана мамлекеттик менчикти башкарууда ачык-айкындуулук принциптерин бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат.

«Красная гвоздика» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу жана ден соолугун чыңдоо үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул объектти кайтарып берүү анын түздөн — түз багыты  боюнча-өлкөнүн өсүп келе жаткан муунунун кызыкчылыгында пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын УКМК улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында мурда мыйзамсыз чыгарылган объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча системалуу иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button