Кайрымдуулук. «Ассанабил” фонду өнөрлүү айымдарга тигүүчү машина берип, кыялын ишке ашырды

Жалгыз бой жашаган, жумушсуз аялдарга колдоо көрсөтүү максатында “Ассанабил” ККФду Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нури уюмунун демөөрчүлүгү астында “Өнөрлүү айымдар” долбоорун ишке ашырды.
Көп балалуу, жалгыз бой энелердин үй-бүлөсүнө туруктуу киреше алып келүү максатында тигүүчүлүккө жөндөмү бар айымдарга атайын бир айлык курс уюштурулуп, ар бир бүтүрүүчүгө сертификат менен тигүүчү машиналар белекке берилди. Долбоорго 100 айым катышып, алардын 70не түз тигүүчү машина ал эми 30на 5 жиптүү машиналар берилди.

Мындан сырткары ар бирине 10метр кездеме жана керектүү болгон шаймандары дагы кошо камсыздандырылды. Программага катышкан ар бир айым өз алдынча тигүүчүлүк менен алектенип келечекте үй-бүлөсүнө туруктуу киреше табуусуна шарт түзүлөт.

“Ассанабил” ККФну мындан сырткары дагы ушундай социалдык долбоорлорду ишке ашырып келүүдө.
Эскерте кетсек жалпы республика боюнча 120 жерге медициналык клиникалар, 55 орто мектеп имараттары курулуп, муниципалдык менчик кызматына өткөрүлүп берилди.



