Окуялар
Бишкектеги «Айла» кафеси өрттөндү
Бишкектин Койбагаров көчөсүндө жайгашкан «Айла» кафеси өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 09:20да толук өчүрүлгөн.
Эскерте кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 28 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.



