Коом
Ысык-Көлгө 1,2 млн даана балык чабагы коё берилди

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл көлүнүн №7, 9 жана 13 балык уулоочу участокторуна 1,2 млн даана карп-сазан чабактары коё берилгенин билдирди.
Адистердин маалыматында, мындай иш-чаралар көлдөгү балык ресурстарын сактап калууга жана көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Чабактарды коё берүү экосистеманын калыбына келишине, биологиялык ар түрдүүлүктүн өсүшүнө жана региондун балык чарбачылык базасын бекемдөөгө жардам берет.



