Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2020–2024-жылдардагы бюджетине аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы чыкты

2025-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2020–2024-жылдардагы бюджети боюнча шайкештик аудитинин маселеси каралды.

Негизги бузуулар: материалдык запастар боюнча ашыкча көлөм катталды; жаратылыш газын пайдаланууда лимит ашырылды; Улуттук маалыматтык технологиялар борборунун отчеттуулугу толук эмес жана кечиктирилип берилген; А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда студенттердин контракттык окутуу боюнча карыздары аныкталды; «Ак-Толкун» мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик башкаруу академиясына берилген акчалай каражаттарды белгиленген мөөнөттөн кеч кайтарган.


Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын Кеңеши аныкталган бузууларды жоюу жана мамлекеттик ресурстарды башкарууда ачык-айкындуулукту жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдады.



