Баткенде мыйзамсыз лотерея уюштурган жаран кармалды

Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея оюндарын уюштуруу фактысы аныкталып, анын уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн милиция кызматкерлери интернетке жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө «Баткен-Сила Нурик» аттуу YouTube каналындагы видеону аныкташкан.
Баткен районунун 33 жаштагы тургуну Х.Н. жарыялаган видеодо жарандарды «Баткен-Сила» аттуу лотереяга катышууга чакырган. Бирок мындай оюндарды өткөрүүгө уюштуруучулардын тиешелүү лицензиясы болгон эмес.
Уюштуруучу Х.Н. милиция бөлүмүнө жеткирилип, аны менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, административдик чаралар көрүлдү.
Милиция «Баткен-Сила» лотереясы мыйзамсыз экенин эскертип, жарандарды алдамчылардын курмандыгы болуп калбоого жана сак болууга чакырды.



