Коом

1-июлдан тарта Бишкек автобустарында 100 көзөмөлчү иштей баштайт

Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, байланыш жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, учурда 50гө жакын көзөмөлчү жумушка кабыл алынды.

«Алар автобустарды көзөмөлдөп, аялдамаларда турушат. Өзгөчө жүргүнчүлөр көбүнчө накталай акча менен төлөгөн жерлерде иш алып барышат. Мисалы, “Дордой” базарында», — деди Рамиз Алиев.

Эске салсак, 1-июлдан тарта Бишкек шаарындагы автобустарда жол кирени накталай төлөө токтотулат. Эгер жүргүнчү жол акысын накталай эмес ыкма менен төлөй албаса, коомдук транспортко киргизилбейт.

Рамиз Алиев жол киренин баасы жогорулабастыгын белгиледи. Ал мурдагыдай эле 17 сом бойдон калат.

Төмөнкү алты жеңилдетилген категория үчүн шарттар өзгөрүүсүз сакталат:

пенсионерлер;

7 жашка чейинки балдар;

почтальондор;

I, II жана III топтогу майыптыгы бар адамдар;

аларды коштоп жүргөн ассистенттер

.Бул категориядагы жарандар мурдагыдай эле жеңилдиктерден пайдалана беришет.

Тектеш кабарлар

Back to top button