Шыкмаматов TikTok’тун ачылуусуна каршы эместигин билдирди

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда TikTok платформасын кайра ачуу керек деген пикирин билдирди.
Ошондой эле ал жергиликтүү контент жаратуучулар үчүн санариптик платформаларда киреше табууга шарт түзүү зарылдыгын белгиледи.
Бул тууралуу ал журналисттер жана блогерлер менен креативдүү индустрия өкүлдөрүн салыктан бошотууну караган салык реформасын талкуулоо учурунда айтты.
Шыкмаматовдун айтымында, TikTok’ко коюлган чектөө күтүлгөн жыйынтыкты берген жок, анткени колдонуучулар платформаны VPN кызматтары аркылуу колдонуп жатышат.
«Адамдар баары бир TikTok’ту VPN аркылуу көрүп жатышат. Мындан качып кутула албайбыз. Менин оюмча, TikTok’ту ачыш керек. Эгер бул маселе боюнча добуш берүү болсо, мен ачуу үчүн добуш берет элем», — деди ал.
Анын белгилешинче, бүгүнкү күндө санариптик платформалар экономиканын маанилүү бөлүгүнө айланып, жаштар үчүн киреше булагы болуп калды. Алар өз алдынча контент жаратып, мамлекеттин колдоосуз эле акча табууда.
Мындан тышкары, Шыкмаматов Кыргызстандагы колдонуучулар үчүн YouTube платформасында толук монетизацияны ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканын билдирди.
Анын айтымында, бул маселе Данияр Аманалиев менен да көтөрүлгөн.Салык кызматынын башчысы монетизацияны ишке киргизүү үчүн Google менен кызматташууну күчөтүп, Кыргызстанды эл аралык деңгээлде активдүү таанытуу керек деп эсептейт.
«Бүгүн көптөгөн кыргызстандыктар сапаттуу контент жаратып жатышат, бирок YouTube аркылуу толук кандуу киреше таба алышпайт. Биз монетизация Кыргызстан үчүн да жеткиликтүү болушу үчүн иштешибиз керек», — деди ал.
Шыкмаматовдун пикиринде, блогерлик, креативдүү индустриялар жана санариптик контент келечекте өлкө экономикасынын жаңы киреше булактарынын бири болуп, бюджетке түшкөн салык кирешелерин да көбөйтөт.
Эске салсак, TikTok социалдык тармагына Кыргызстанда кирүү мүмкүнчүлүгү 2024-жылдын апрель айында чектелген.



