Коом
Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору күтүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочуларына шашылыш эскертүү жарыялады.
Мекеменин маалыматына ылайык, 17-июнда жакынкы сааттарда жана кечинде аймакта күн күркүрөп, жаан-чачын болушу мүмкүн. Ошондой эле батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетери күтүлүүдө.
Куткаруучулар жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырып, автоунааларды бак-дарактардын жана жарнамалык конструкциялардын алдына токтотпоону сунушташты. Ошондой эле туруксуз объектилердин жанында көпкө турбоо сунушталат.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте катуу шамал учурунда бак-дарактар кулап, жарнамалык такталар жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган учурлар катталган.



