Коом
Бишкекте 16 түгөй алтын, бриллиант тойлорун белгилешти

Бишкек шаарынын Ленин районунун узак убакыт бирге жашаган түгөйлөрү мааракелерин белгилешти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 түгөй бриллиат, 14 түгөй алтын тойлорун белгилеген. Иш-чара борбор калаанын Бакыт өргөөсүндө өттү.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев маараке ээлерин куттуктап, баалуу белектерди тапшырды.

“Бриллиант жана алтын түгөйлөр юбилейлердин Ардак китебине кол коюшту. Мындай иш-чара Карылардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү”, — деп айтылат маалыматта.




