Коом

Кыргызстандын мектептерине психолог кызмат орду киргизилет

Министрлер кабинети билим берүү уюмдарынын типтүү штаттык түзүмүнө өзгөртүү киргизди. Бул чечим окуучулардын психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Эми мектептеги психологдордун штаттык бирдиктери окуучулардын санына жараша аныкталат:

275 окуучуга чейин — 0,25 штаттык бирдик;

276дан 550 окуучуга чейин — 0,5 штаттык бирдик;

551 жана андан көп окуучусу бар мектептерде — 1 толук штаттык бирдик.

Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

Буга чейин психологдун штаттык кызмат орду жергиликтүү бюджеттен каржыланган Бишкек шаарындагы мектептерде гана каралган болчу.

Тектеш кабарлар

Back to top button