УКМК: Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган материалдарды тараткан жаран кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, «Threads» социалдык тармагынын колдонуучусу улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган материалдарды таратканы үчүн кармалды.
КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу») боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 1991-жылы туулган КРнын жараны Ш.М.А. кармалды.
Кармалган адам, Threads социалдык тармагынын колдонуучусу, улуттук, этникалык жана аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутууга, жарандардын улутуна жараша кадыр-баркын кемсинтүүгө чакырыктарды камтыган мыйзамсыз басылмаларды, ошондой эле айрым улуттардын өкүлдөрүнө карата терс мамилени калыптандырууга, улуттар аралык чыр-чатактарды козутууга, коомдук тартипти бузууга жана республикадагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган материалдарды системалуу түрдө жарыялап жана таратып келгени аныкталды.
Кармалган адамдын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө электрондук сактоочу түзүлүштөр, байланыш каражаттары жана кылмыш ишине тиешелүү башка буюмдар алынып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Суроо учурунда Ш.М.А. мурда аныкталган мыйзамсыз басылмаларга катышкандыгын мойнуна алган.
Кармалган адам учурда КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.
УКМК расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутууга багытталган аракеттер, анын ичинде интернетте тиешелүү материалдарды таратуу аркылуу жасалган аракеттер КР мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.



