Саясат
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын м.а. болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 71-беренесине ылайык, Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Жапаров Акылбек Үсөнбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.



