Коом

Бензин дагы 9 сомго кымбаттайт. Нефтетрейдерлер тынчсыздануу сунушун айтышты

Күйүүчү майдын баасын мындан ары жогорулатпай кармап туруу аракети өлкөдө май куюучу жайлардын иштебей калышына алып келет. Бул тууралуу абалга тынчсызданган Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлады.

Маалыматка караганда, октябрь айынын башында Россиянын нефть иштетүүчү компанияларында күйүүчү майдын тоннасы 100 долларга кымбаттады. Буга эки фактор себеп болду. Биринчиси — товардын тартыштыгы, экинчиси — ага болгон суроо-талаптын өсүшү. Ошол эле учурда эки ири завод оңдоо иштерине жабылган.

«Октябрда баалардын кескин өсүп кетиши республиканын аймактарында 40тан ашык май куюучу жайдын иш токтотуусун шарттады. Бааны ички рынокто мындан ары кармап туруу аракеттери бардык май куюу жайларынын жабылышына себеп болот. Бүгүнкү күндө бензиндин бир литринин өздүк наркы сатылып жаткан баасынан 8,9 сомго кымбат», — деп айтылат ассоциациянын билдирүүсүндө.

Адистер жылдын аягына чейин бааны октябрдагы деңгээлинде кармап турууга салык системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү гана жардам бере аларын айтышууда.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлери бийликке күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү үчүн өз сунушун киргизген. Тагыраагы, быйылкы жылдын октябрынан декабрь айына чейин салыктын өзгөрүп туруу механизмин колдонууну сунуштады. Анда акциз салыгынын ставкасын убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеленген.

Андай болбой турган турган болсо, нефтетрейдерлер төмөнкүдөй эки сценарийди божомолдоп жатышат:

  • чыгымга учурап иштеп жаткандыктан, өлкөдөгү бардык май куюу жайлары жабылат;
  • күйүүчү майды ташып келүүнү токтотпош үчүн жылдын аягына чейин баа 8 сом 90 тыйынга, бирок дароо эмес этап-этабы менен көтөрүлөт. Мисалы, октябрдын аягына чейин 1,5 сомго, ноябрда 4,9 сомго, декабрда 2,5 сомго жогоруламакчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button