Коом

Кара-Балта шаарында жана Ново-Николаевка айылында абанын сапаты текшерилди

Кара-Балта шаарында жана Ново-Николаевка айылында жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүлдү.

Изилдөөнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти жүргүзгөн.

Адистер Кара-Балта шаарындагы 40 жыл Кыргызстан, Луговая, Тольятти, Железнодорожная, Токтогул жана Самарбек уулу Омураалы көчөлөрүнөн, ошондой эле Ново-Николаевка айылындагы Москва көчөсүнөн аба үлгүлөрүн алышкан.

Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында эки жерде азот кычкылынын өлчөмү жол берилген чектен ашканы аныкталган.

Тактап айтканда, Кара-Балтадагы 40 жыл Кыргызстан көчөсүндө көрсөткүч нормадан 3,9 эсе, ал эми Ново-Николаевкадагы Москва көчөсүндө 1,9 эсе жогору болгон.

Калган текшерилген аймактарда зыяндуу заттардын жол берилген чектен ашуусу катталган эмес.

Изилдөөнүн жыйынтык протоколдору тиешелүү чараларды көрүү үчүн мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button