Окуялар
Сөгүнгөн кыз СИЗО-1де 15 күнгө камакка алынды(видео)

Кечээ милицияны сөгүп, кыргыздарды шылдыңдап, милицияга кол көтөргөн кыз коомчулукта катуу талкууга алынган эле.
Ал бейбаштык үчүн он беш күнгө камакка алынганы тууралуу Бишкек комендатурасы билдирди. Бишкек шаарындагы Октябрь районрдук сотунун чечими менен ал СИЗО-1де 15 күн камакта болот.
Көчөдө сөгүнгөн кыз 1997-жылы туулган. Аны тартип сакчылары Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөсүнүн кесилишинде токтоткон, ал кызда беткап болгон эмес. Бирок ал кыз тартип сакчыларына жосунсуз сөздөрдү айтып, кол көтөргөну видеого тартылган.
Бул кыздын үстүнөн КР КЖКнын 266-беренеси менен кылмыш иши козголду.
Abal.kg



