Окуялар
Бостериде саркынды сууну мыйзамсыз агызгандарга чара көрүлдү

Ысык-Көлдө мыйзамсыз саркынды сууларды агызгандарга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери туристтик милиция менен биргеликте Бостери айыл аймагында айрым жеке эс алуучу жайлар тарабынан саркынды сууларды мыйзамсыз агызуу жана таштандыларды жайгаштыруу эрежелерин бузуу фактылары аныкташты.
Мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 2 жаранга жеринде протоколдордор түзүлүп, жалпысынан 15 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана эс алуучу жайлардын ээлерин жаратылышка жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.



