Окуялар
Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолу көчкүдөн улам убактылуу жабылды

23-июнда Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунда көчкүдөн улам кыймыл убактылуу токтотулду
Жалал-Абад облусундагы Түндүк–Түштүк альтернативдүү автожолунда транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу жабылды.
ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча маалыматына ылайык, бүгүн Сузак районунун аймагындагы жолдун 340-чакырымында болжол менен 4 миң куб метр көлөмүндөгү көчкү түшкөн.
Маалыматта айтылгандай, окуядан жабыркагандар жок.
Учурда жолду тазалоо жана кыймылды калыбына келтирүү иштерине эки жүктөгүч (погрузчик), төрт грейдер жана бир манипулятор тартылган.
ӨКМ айдоочуларды бул жол менен сапарга чыгар алдында жол кырдаалы тууралуу маалыматты 112 бирдиктүү номери аркылуу тактап алууга жана жолго чыгуунун зарылдыгын алдын ала баалоого чакырат.



