Коом

Кыргызстанда алдыдагы 7 жыл ичинде 77 эстелик тургузуу пландалууда

Маданият министрлиги алар Кыргызстандын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салым кошкон, эрдик көрсөткөн инсандардын эстеликтери болорун билдирди. 

Министрликтин тизмесинде Махмуд Кашгари, Чыңгыз Айтматов, Абдылас Малдыбаев, Шабдан Баатыр, Аалы Токомбаев, Апсамат Масалиев, Элмирбек Иманалиев, Болотбек Шамшиев жана башка белгилүү инсандар бар.

Ошондой эле Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда баатырларча курман болгон чек арачыларга дагы эстелик орнотуу пландалууда.

Монументтер бюджеттин жана демөөрчүлүк каражаттын эсебинен тургузулмакчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button