Коом
Ошто 40 гектар жерге күздүк буудай айдалды

Ош шаарынын Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгынын 140 гектар үлүш жерге буудай айдалып бүттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, анын 40 гектарына буудай себилди. Калган жерге дагы күздүк буудай себүү иштери улантылууда.
Белгиленгендей, жалпы 200 гектар жерге буудай эгүү пландалууда.
Бул иштер мэриянын «Агрардык чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан жасалууда.



