Марат Иманкулов Нью-Делиде Афганистандагы кырдаал боюнча III аймактык диалог жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында (Индия) Афганистандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык диалог жыйынына катышты. Бул тууралуу презинттин администрациясынан билдришти.
Аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңги заттар жана бардык түрлөрүнө каршы каршы күрөшүү жаатында пикир алмашуу болду.
Жыйынга ошондой эле Индия, Иран, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери жана Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.
Белгилей кетсек, авган маселеси мындай форматта биринчи жолу талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Афганистандагы кырдаалдын контекстинде мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча Дели декларациясы кабыл алынды.



