Бишкектин айрым райондорунда оңдоо иштерине байланыштуу газ 5 күнгө өчүрүлөт
Бишкекте эски газ өткөргүчтөгү сызылып чыккан газды токтотуу максатында шаардын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, компания Бишкек шаарынын Осмонкул-Древесная дарегинде жайгашкан, 2019-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу, 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотоорун маалымдайт.
Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу, төмөнкү райондордо газ өчүрүлөт:
— Аламүдүн айылында, кийинки көчөлөрүндүн кесилишкен аймагында: ЧЧК – Жогорку Ат-Башы каналы – Дачный чакан көчөсү – Алма-Ата – Гидрокурулушчулар – Айыл – Курманалиев – Биринчи май – Логвиненко – Кыргыз – Айланып өтүүчү жол – Ала-Арча дарыясы – Бухара – Завод чакан көчөсү – Коллективная – Кырк-Чоро;
— Төмөнкү Ала-Арча айылы, Красный строитель, Кайынды, Эне-Сай, Керамика, Чалбай жаңы конуштары;
— өндүрүш ишканалары: «Шоро», «Шин-Лайн», «Куликовский торт», завод «Сантех Заготовок», Элебесов көч., 211 (Шаардык кургак учукка каршы ооруканасы).
«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана аталган убакыт аралыгында тамак-аш жасоонун алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.



