ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Апам улуу байкеме тарта берет

Апа деген — үйдүн куту, үйдүн шаңы, бала үчүн бүтүндөй бир аалам. Мен да апамды аябай жакшы көрчүмүн. Азыр деле жакшы көрөм. Анткени эне дегенди кантип жек көрөсүң? Канча жашка чыксаң да, апаңдын алдында баягы эле бала бойдон калат экенсиң.

Биз үйдө үч бир тууганбыз. Үчөөбүз тең эркекпиз. Мен ортончусумун. Бала кезде үчөөбүздүн ортобузда ким улуу, ким кичүү экени гана маанилүү болчу. Кийин чоңоюп, ар кимибиз өз алдыбызча үй-бүлө күтүп, жашоо баштаганда гана апамдын жүрөгүндө бизге болгон тараза бирдей эмес экенин сезе баштадым.

Апам улуу байкемди дайыма өзгөчө колдойт. Атам экөөбүз бир нерсени сүйлөшүп, пландап, акырындап ишке ашыралы деп турганда, сөзсүз эле:

— Байкеңди да кошолу. Анын балдары көп, жардам берели, — деп турат. Башында муну кадимки эле эненин улуу баласына болгон мээрими деп ойлочумун.

Бирок убакыт өткөн сайын айырма билине баштады. Байкемдин алты баласы бар. Апам алардын ар биринин туулган күнүн жатка билет. Кимиси кайсы күнү төрөлгөнүн, эмнени жакшы көрөрүн, кимге эмне керек экенин эстеп жүрөт. Менин үч балам бар. Кээде өз балдарымдын туулган күнүн апам унутуп калганда, ичимден бир нерсе үзүлүп кеткендей болот. «Эмнеге?» деп сурагым келет. Бирок энеге мындай суроону бере албайсың экен. Анткени сен анын баласысың. Сөзүңдү жутасың. Көңүлүңдү басасың.

«Балким, мен ашыкча ойлонуп жатам» деп өзүңдү сооротосуң.

Мен шаарда үй-бүлөм менен жашайм. Иним да үйлөнүп, шаарга көчүп келди. Айылда чоң атамдан калган жерибиз бар эле. Бир күнү атам экөөбүз сүйлөшүп, ошол жерди сатып, үстүнө дагы каражат кошуп, шаардан батир алалы деп чечтик. Бул жөн эле батир эмес болчу. Бул — көптөн бери курган кыялым эле. Жер сатылды. Мен акчаны алганы айылга бардым. Шаардан батир карап, сүйлөшүп да койгом. Акча жетпеген жерине бир аз кредит алып, анан иштеп, тапканымдан акырындап жаап кетем деп ойлогом. Андан кийин дагы бир максатым бар болчу. Өзүмө батир алгандан кийин, акырындап акча чогултуп, иниме да батир алып берүүгө жардам берем дегем. Үч бир тууганбыз го. Бирибиздин үйүбүз бүтсө, экинчибиздикине жардам беришибиз керек деп ойлочумун.Ошол күнү апам:

— Үчөөңө тең бөлүп беребиз, — деди. Атама карадым. Ал унчукпай жер карап турду. Ошондо эле жүрөгүм бир нерсени сезгендей болду.

— Эмнеге үчкө бөлөбүз? — дедим. — Атам экөөбүз бул жерди сатып, шаардан батир алабыз деп сүйлөшпөдүк беле? Апамдын жообу даяр экен.

— Байкеңдин балдары көп. Жардам берели.

Ошол бир сүйлөм менин көп жылдан бери ичимде топтолуп келген нерселердин баарын козгоду. Дагы эле байке. Дагы эле анын балдары. Дагы эле алардын кереги. А менчи? Менин үч баламчы? Менин үй-бүлөмчү? Менин кыялымчы? Менин да жылдап эмгектенип тапкан акчамчы? Мен апама эч нерсе талашкан жокмун. Жөн гана:

— Анда мага тиешелүү акчаны да байкеме бергиле, — дедим. Ошентип басып кеттим. Апамдын планы такыр башка экен. Байкеме жардамдашып анын үйүнө мал кармап, бука байлап сатуу экен. Көрсө акча жөн эле үчкө бөлүндү деген сөз экен. Инимдин үлүшүн да байкеме берип кой алышты.

Мен байкемди жаман көрбөйм.Анын балдарын да жаман көрбөйм. Аларга берилген жардамга да каршы эмесмин. Менин ооруган жерим башкада. Эмне үчүн эненин мээрими балдардын муктаждыгына жараша бөлүнүшү керек?Эмне үчүн улуу баланын алты баласы болсо, анын ар биринин туулган күнү эненин эсинде, ал эми ортончунун үч баласынын туулган күнү унутулуп калат?Эмне үчүн менин пландарым айтылганда «өзүң эптеп кетесиң» дегендей мамиле болот да, байкемдики айтылганда бүт үй-бүлө жардам берүүгө даяр болуп калат?Балким, апам мени күчтүү деп ойлойт. Балким, «бул балам өз алдынча жол таап кетет» деп ишенет. Балким, улуу баласына болгон эне мээрими башкачадыр. Бирок эне билбейт экен…Күчтүү көрүнгөн бала да эненин бир ооз «сенин да оюң маанилүү» деген сөзүнө муктаж болот. Мен апамдан көп нерсе сураган эмесмин. Байкемден артык болууну да каалаган эмесмин. Болгону үч бир тууганга тең бирдей караса экен дедим. Эненин жүрөгүндө улуу балага өзүнчө бөлмө болсо, ортончу бала эшиктин алдында калбаса экен дедим. Анткени ортончулар да бала. Алар да апасынын бир карашынан мээрим издейт. Алар да «менин апам мени да тандайт» деген сезим менен жашагысы келет. Кээде апамды карап туруп, бала кездеги өзүмдү көрөм. Апамдын колун кармап, артынан ээрчип жүргөн кичинекей баланы.Ошол бала азыр да апасын жакшы көрөт.

Арадан жылдар өтүп шаардан кудай насип кылып эки бөлмөлүү батир алдым. Ал кезде байкемдин балдары мектепти аяктап шаарга окууга келе баштады. Эми апам байкеңдин балдары сеникинде жашап окусун деп жатат. Албетте мен каршы эмесмин болгону кезинде колдоп койсо чоңураак үч бөлмөлүү батир алмакмын азыр балдар кенен жатып туруп жашай бермек. Айтайын дегеним апалар калыстыктан тайбасаңар.

Тектеш кабарлар

Back to top button