Коом

Замирбек Бөжөнов Улан Примовдун тарапташына катуу жооп берип, жугундукорго салыштырды

Кечээ, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Замирбек Бөжөнов атаандашы Улан Примовго карата социалдык баракчага өз пикирин жазган. Ага, «Ош Пирим» телеканалынын жетекчиси Абай Нур аттуу журналист жооп берип, «Бөжөнов студенттерден 2000 доллар доля алат» деп айыптап чыккан.

Журналист Абай Нур жалган жалаа жазганын белгилеп, аны жугундукор деп жазды талапкер Замирбек Бөжөнов.

«Жугундукор

Мына ушул посттон кийин Примов безге сайгандай секирип, анын чоң акырынан жем жегендердин баары мага жугундуларын төгүп башташты. Примовдон жеген нандарын актап жатышат. Алардын арасынан Абай-Нур дегени көбүрөөк жеп алганбы  аңыраңдап оозунан ак ит кирип, кара ит чыгыптыр. Болгону Примовдун эч ким көрбөгөн бакма телеканалы “Ошпиримде” директор экен, чоңураак кызмат берсе атасын жамандагандан да кайтчудай эмес.

Абай-Нур менин самыныма кир жууп көрө элек, али мээси ката элек жаш бала. Бирок жашабай жатып шиши толуптур бул журналист сөрөйдүн. Эртең БШКга, сотко, прокуратурага доо арыз жазып коем. Мен жөнүндө жазган жөө жомокторун далилдеп берсин, далилдей албаса мыйзам алдында жооп берет. Анан көрөбүз оозуна келгенди оттоп, мурдуна келгенди жыттаган кандай болорун. Примовдон алгандарын сотторго берип, штансыз калбаса болду. Буга окшогон өпкөсү жоктор тумшугу ташка тийгенде адам болот.

Эми Примов боюнча айта турган болсом, мен аны ушу күнгө чейин жамандап, ыплас, маданиятсыз сөздөр менен каралабадым. Эл ичинде үгүт жүргүзүү менен гана алекмин. Эгер мен калемимди колго алсам Примовдун шаштысын кетирип коюшум мүмкүн. Бака майрыктыгын билбей, жыланды ийри дептир болбойлу»,-дейт Бөжөнов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button