Коом

Улан Примов шайлоонун үгүт иштеринде 4 жолу эреже бузду, ага чара көрүлөбү?

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов кайрадан Алай шайлоо округунан талапкер болуп чыкты. Бирок шайлоо өнөктүгүнүн үгүт иштеринде Примов   бир нече жолу мыйзам бузууларга барып, эскертүү алды.

Шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер үгүт мыйзамын, эрежесин бузганы үчүн четтетилди. Негедир Улан Примов бир нече жолу мыйзам бузса дагы, анын кылы кыйшайган жок. Ага карата жумшак мамиле болуп, эскертүү менен гана чектелүүдө.

Шайлоо күнү жарыялангандан кийин кайрымдуулук иштерин уюштурган. Мыйзам боюнча бул «добуш сатып алуу» катары баа берилет.

Экинчиси,  шайлоо күнү жарыялангандан кийин Алай жана Чон-Алай районундагы мугалимдерди чет өлкөгө эс алууга жиберет. Бул дагы «добуш сатып алуу» деп бааланат.

Үчүнчүсү,  атаандашы Замир Бөжөновго карата атайылап жалган маалымат таратып, анын кадыр-баркын түшүрүүгө аракет жасаган. Атасы Бердибай Примовго таандык «Ош Пирим» телеканалынын жетекчиси Абай Нур Большевиков «Замирбек Бөжөнов проректор болуп турган кезде Өзбекстандык студенттерден 1000-2000 доллар доля алган» деп күнөөлөгөн постун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган.

Төртүнчүсү,  Улан Примов үгүт максатында даярдалган видео ролигинде жашы 18ге жете элек балдарды пайдаланган. Аз камсыз болгон үй-бүлөөнүн балдарына жардам бергенин, кайрымдуулук иштерин көрсөтүп жатып балдарды көрсөтүп, мыйзам эрежесин бузган.

Ушундай далилдер Улан Примовдун шайлоодон четтетүүсүнө толук негиз болот. Тийешелүү органдар чара көрүп, баасын берүүсү керек. Президент Садыр Жапаров,  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев таза шайлоо өткөрүү боюнча улам айтып жатат.  Үгүт ишиндеги оркойгон катачылыктарды, эреже бузган Улан Примовго да жакында чара көрүлөт деген үмүт бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button