Коом

“Баткен эли наалат айтып жатат”. Мигрант Кайырбүбү Абдыкадырова Адахам Мадумаровго катуу жооп берди

Шайлоонун үгүт иштери жүрүп, Адахам Мадумаров эл менен жолугушууда Тажиктерге берген жер тууралуу айтканына  элдин кыжыры келүүдө. Ал эми мигрант Кайырбүбү Абдыкадырова Фейсбук баракчасына Адахам Мадумаровдун сөзүнө катуу жооп кайтарыптыр.

Кайырбүбү айымдын тексттин өзгөртүүсуз беребиз:

 «Адахам Мадумаровко Баткен боюнча сөзүнө жооп.

Сенде бет деген бет эмес эле тооктун к.. ү болуп калыптыр да э?

Протокол деген бул документ эмес, президент аны менен туалетке барып койсун деп эл алдында суйлоп жатасың. Албетте биздин президент ошол сен кол койгон протокол менен эбак эле туалетке барып койгон.

Бирок тажик президенти ошол протокол менен туалетке барбай жатпайбы. Алар үчүн сен 2009-жылы кол койгон протокол юридикалык документ болуп жатпайбы. Ал документ кайрадан эки тараптуу макулдашуу менен гана жокко чыгаарын карапайым калк түшүнбөй жатпайбы. Сен ошол карапайым калктын түшүнбөстүгүнөн пайдаланып, ал документ юридикалык күчкө ээ эмес деп булбулдай сайрап жатпайсыңбы. Чек ара маселесинин ар бир метр талаш жери протокол менен бекилип, кийин макулдашууга өтөөрүн карапайым калк билбесе да сен жакшы билесиң да. Азыр Эмануэль Рахмон ошол 12 жыл мурда сен кол койгон протоколго таянып, 4 көчө маселеси боюнча 12 жыл мурда эле чечилген, ал биздин жер, Мадумаровуңар кол койгон, аныңар да мамлекеттик кызматкер болчу деп жатпайбы.

Садыр Жапаров болсо Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Мадумаровду Худжанд шаарына эч ким жиберген эмес. Мен ал протоколду тааныбайм, 4 көчө маселесин жаңы протокол менен кайрадан карап чыгалы деп жатпайбы. Рахмон болсо макул болбой жатат. Кудай биздин президентибизге күч кубат берип, 4 көчөбүздү кайтарып алсын деп тилейли.

Ал протокол туалетке барчу кагаз болсо 2009-жылы Тажиктердин Худжант шаарына барып, атаңдын башына кол коюп бердиңби? Сага ким укук берип жиберди эле? Сен болгону секретарь экенсиң эле. Чек араны өкмөт, парламент, президент чече турган укугу бар. Башка эч кимдин укугу жок. Же мас болуп кол койдуң беле? Эл арасында өлгүчө тоюп алып, эс учун билбей калып кол коюп берип келген деген сөз бар. Жеңиш Разаков да сендей болуп илинип калган дешет. Эмнеси болсо да экөөңөргө тең Баткен эли наалат айтып жатат»,- деп жазды Кайырбүбү айым.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button