Садыр Жапаров Айт намазды Бишкектеги Имам Сарахси атындагы мечитте окуду

Президенттин маалымат кызматы өлкө башчынын куттуктоосун жарыялады.
«Бул күндөрү жаратканга тобо келтирүү менен жасаган бардык жакшы иш-аракеттерибиз кабыл болсун», – деген Жапаров.
Мамлекет башчы өлкөдөгү түрдүү этностор тынчтыкта, эл биримдикте жашагандыгы менен сыймыктанарын белгилеген.
«Быйылкы орозо айында ата-бабадан калган нарк-насилибизге ылайык, кайрымдуулуктун, боорукерликтин күчү айрыкча сезилди. Кары дебей, жаш дебей, баары тегиз чанда кездешүүчү дартка чалдыккан наристелердин дартына даба боло турган кымбат дарыга муктаждарга кол сунуп, элибиздин ынтымагын дүйнө жүзүнө дагы бир ирет жар салды. Бабаларыбыздан мурастап калган мындай асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Анткени коомдун тынчтыгы жана биримдиги өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнүн негизи болуп саналат», – деген президент.
Сөз соңунда Жапаров ар бир үйгө тынчтык, береке, ал эми өлкөгө туруктуулук менен өсүп-өнүгүү каалаган.
@abal-kg



