Коом

Кымбатчылык жагынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан алдыга чыкты

Ушул жылдын октябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасынан керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда байкалды. Бул тууралуу Статистика комитети кабарлады.

«Сентябрга салыштырмалуу биримдикке мүчө бардык мамлекеттерге керектөө баалары жана тарифтер жогорулады», — деп айтылат билдирүүдө.

Тагыраагы, бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө карата инфляциянын деңгээли 1,7 пайызга өстү. Ошол эле учурда бул көрсөткүч Россияда — 1,1, Беларуста — 0,9, Казакстан менен Арменияда — 0,7 пайыздан болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда көбүнесе күйүүчү май, көмүр, тамак-аш сыяктуу социалдык маанилүү товарлардын баасы көтөрүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button