Коом

Юрий Бобковго Түркияда операция жасалды. ФОТО

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобков ден соолугуна байланыштуу Түркия мамлекетине учуп кеткен. Анын бир бутуна Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде операция жасалды. Бул тууралуу  Юрий Бобковдун жубайы Асель Осмонова бүгүн, 17-ноябрда маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул ага дайындалган 2 операциянын биринчиси, экинчи бутуна келе жаткан жылдын январь айында жасалат.

«Операция 2 саатка созулуп, ийгиликтүү өттү. Азыр Юрий наркозу тарап, эсине келе баштады. Биз Стамбулда дагы 10 күндөй болобуз. Бардык процедураларга Акылбек Изабеков аттуу мекендешибиз катышып, жардамын көрсөтүүдө», — деди Осмонова.»Досум Үсөн» ансамблинин жетекчиси, Юрий Бобковго операция жасатуу 8000 долларды түзөрү айтылган эле.

Эскерте кетсек,  музыкант тизе муун оорусу менен 2015-жылдан бери жабыркап келет.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button