Кыргызстандын айым милиционерлер ассоциациясы 10 жылдык мааракесин белгилешти

2021-жылдын 8-декабрында Кыргызстандын айым милиционер ассоциациясы 10 жылдык юбилейине жана Кыргызстандын коопсуздук, укук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы айымдардын ассоциациясынын 5 жылдыгына карата аземдүү иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган конференцияга Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов, Кыргызстандын айым милиционерлер ассоциациясынын президенти Каана Айдаркул, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басары Расмия Казымова, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий департаментинин жетекчиси Александр Елисеев, полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев, БУУнун Кылмыштулук жана баңгизат башкармалыгынын программасынын координатору Жыпар Ракиева, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров жана коопсуздук, укук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы айымдары катышышты.
Конференциянын ачылышында ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Кыргызстандын айым милиционерлер ассоцияциясынын түзүлгөндүгүнүн мааракелүү датасы менен куттуктап, ассоцияциянын ишмердүүлүгү ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө гана эмес, жалпы коомчулуктун ишенимин арттыруу менен өлкөбүздүн туруктуулугуна салымын кошуусуна шек жоктугун белгиледи. Азыркы учурда, ички иштер органдарында аттестациялоодон өткөн айымдардын саны туруктуу негизде өсүүдө, айым милиционерлерге жүктөлгөн тапшырмаларды эркектер менен тең бирдей аткарып келет, ошондой эле айым милиционерлер коомчулукта ишеничи жогоруурак тураарын айтты.
Өз кезегинде, Кыргызстандын айым милиционерлер ассоциациясынын президенти Каана Айдаркул конференциянын катышуучуларын майрамдык иш-чара менен куттуктуп, өзүнүн тажрыйбасындагы эсте калган учурлар менен бөлүштү.

Кыргызстандын айым милиционерлер ассоцияциясы мындан 10 жыл мурун негизделип, ушул кыска мөөнөттүн ичинде өзүнүн жогорку жөндөмүн жана маанилүүгүн көрсөтө алды. Өтө оор учурда түптөлүп, өз ордун таба алды. Мындай уюмду негиздөө постсоветтик мейкиндиктеги Кыргызстанда биринчилерден болуп түзүлүп, кыска мөөнөттүн ичинде ар бир облустук, райондук, шаардык ички иштер башкармалыктарында ачылып, өзүнүн ишмердүүлүгүндө погончон айымдардын ордунун маанилүүлүгүн көрсөттү.
Бул конференцияда, Ассоциациянын негизги багыттары талкууланып, анын маанилүү кадамдарынын бири – айымдар үчүн ыңгайлуу иштөө шарттарын түзүү, административдик маданиятка өзгөртүү киргизүү, алардын кесиптик өсүүшү, ИИОнун реформалоосуна кошкон салымдары айтылды.
Бүгүнкү күндө, айымдардын ассоцияциясы ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук комитетинин, прокуратуранын, соттук, коргоо минитсрлигинин жана жазаларды аткаруу кызматынын айым кызматкерлерин бириктирип турат.

Кыргызстандын айым милиционерлер ассоциациясы – бул коопсзудук, укуктартип жана мыйзамдуулук секторунда эмгектенген, ички иштер оргнадарын реформалоодо коюлган тапшырмаларды аткарууга салымын кошкон, социалдык жана кесиптик шарттарды түзүү менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга умтулган жашоого активдүү болгон айымдардын бирикмеси.
Мааракелүү азем достук жана жылуу мамиледе ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өтүп, катышуучулар Кыргызстандын айым милиционерлер ассоцияциясына коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча бирдиктүү багыттарды аныкташты.



