Кыргызстанда өзгөрүүлөр үчүн инсанды өнүктүрүүнүн ролу талкууланууда

10-декабрда Бишкекте эл аралык жана жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана активисттер жарандык коомдун, жеке өсүштүн жана инсандык өнүгүүнүн аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жок кылуудагы ролу “Өнүгүүдө эмне иштейт” форматында талкууланууда.
«Аялдардын билими, көз-карашы жана акы төлөнүүчү жумушка орношуудагы чектөөлөр алардын гендердик жана сексуалдык зомбулукка дуушар болушунун негизги себептеринин бири болуп саналат. Ошондуктан, алардын аял жана инсан катары калыптанышы аларга карата зомбулукту жоюунун ачкычтарынын бири болуп саналат», – дейт БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран.
БУУнун Аялдар түзүмү жана International Alert уюмдары тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чарага бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, психологдор жана эксперттер катышат. Иш-чарада инсандык өнүгүү маселелерин талкуулоодон тышкары, гендердик теңчиликти илгерилетүүдөгү бейөкмөт уюмдардын жана эл аралык өнүктүрүү уюмдарынын ролу жана имиджи талкууланат.
«Өнүккөн инсан аялдын кадыр-баркына шек келтирген коомдогу көнүмүш тамашаларга, зордук-зомбулуктарга терс көз караш карайт. Андай адам өзүн-өзү камсыздайт, өз алдынча болот жана өзүнүн аракетисиз бирөөдөн, анын ичинде мамлекеттен жардам күтпөйт. Ошондуктан биз бүгүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү чогултуп, жеке өсүү жана инсандык өнүгүү боюнча өлкөдөгү эң мыкты тажрыйбаларды талкуулап жатабыз», – деп International Alert уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Шакират Токтосунова баса белгиледи.
Талкуу гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында өтүп жатат, ал жыл сайын 25-ноябрдагы Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнү аяктайт. 2021-жылдагы кампаниянын темасы: «Дүйнөнү кызгылт сарыга айландыр: Aялдарга карата зомбулукту азыр токтот!»
Иш-чараны гендердик теңчиликти орнотууну жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөгөн БУУнун Аялдар түзүмү, ошондой эле Кыргыз Республикасында 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан көз карандысыз эл аралык тынчтык орнотуу жана чыр-чатактарды алдын алуу боюнча International Alert уюму тарабынан уюштурулган.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:
- Юлия Бабюк, International Alert уюмунун байланыш боюнча консультанты,
- Тел: +9967700237, +996312988811,
- Email: [email protected], www.international-alert.org.
- Айсулуу Кожомкулова, БУУнун Аялдар түзүмүнүн байланыш боюнча консультанты
- Тел: +996555662228



