Коом
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу убактылуу ачылат

Стратегиялык Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу убактылуу ачыларын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
«Сезондук каттамды ачууга карата бардык даярдык иштери жана коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча иштер жүрүп жатат. Жол июндан ноябрь айына чейин ачык болот. Таш кулоо кооптуулугунан улам кышында жабык болот. Трасса толук андуу 2028-жылдан тарта иштейт», — деп айтылган анда.
Министрлик сапарга чыккандарды ылдамдыкты ашырбай, эрежелерди так сактоону талап кылды.



